<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><title>Жамандыктан бизди сактап</title>
<lyrics>[V1]
 ӨЗҮҢ ДАҢКТАП, РУХУМ ТЫНБАЙТ
 Жаным Сени, мактап ырдайт
 Күнөөкөрдү сүйгөн Теңир
 Ырайымың кандай кымбат

[C1]
   Ажалды жеңүүчү,
   Эркиндик берүүчү,
   Кайрымдуу Теңирсиң,
   Чакырса келүүчү

[V2]
 Жамандыктан бизди сактап,
 Күнөөлөрдөн алдың актап
 Үмүт кылган Кудайым Сен
 Ыйса Теңир Сага рахмат

[C2]
   Кан төгүп мен үчүн,
   Кам көрүп эл үчүн,
   Суусаган жериме
   Сүйүүсүн себүүчү</lyrics>
</song>